КАРА ООЗ I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Абдан каардуу, кишиге тайманбай кол салма, коркунучтуу (жырткычтарга карата). Кара ооз аюуга катылса, чайнап салат («Ала-Тоо»). 2. Тили суук, албуут, ажаан. Кандай кара ооз неме эле, жаагын басып койсоңорчу. Ак кемпир жалакор, кара ооз катындын сөзүн кулагына илген жок (Укаев).