КАРА ЖЕМСӨӨ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Жегич-ичкич, алдым-жуттум, паракор. Баягы кара жемсөөлөр дагы мыкаачылыгын карматкан экен ээ! («Ала-Тоо»). Токтогул өз очогуна күл тартма, кара жемсөө, зордукчул, ырайымсыз болуш-бийлерди ачык сынакка сала баштады (Касымбеков). - Залим, кара жемсөө деп, жаңы эле бий Атпайга, болуш Атпайга кинээ айтып, күнөө коюп журөсүң (Касымбеков).