КАРА ТАМАН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Кедей-кембагал, жарды адамдарга карата айтылуучу эпитет. Кара таман эмгекчилерди кылымдар бою эзип келген бай-манаптарды аягына чейин жеңдик (Элебаев). Алдыраак жакта отурган Калыбай Мырзаматов деген кара таман томаяк ордунан турду (Абдукаримов). Мандикерликке баруу кара тамандардын иши («Ала-Тоо»). Кара таман кедейлер, жалпы түшкүн оң жолго (Тоголок Молдо). Кара тамандар Тоозактын сөзүнөн чыгышпайт (Абдукаримов).