Алтыгана бадалы өзүнүн алтын сыяктанган түсүнө карата аталган сыяктуу эле караган бадалы да сабагынын сырткы түрүнө жараша аталган. Чындыгында эле анын сырты кара болот. Кара сөзүнө өсүмдүктөрдүн атында көп учуроочу -ган мүчөсү уланган. Мисалы: бүлдүркөн, балдыркан, көбүргөн, бүргөн ж. б.
Эки нерсени бири-бирине салыштырууда, ички бөтөнчөлүктөрүн айырып айтууда же биринен кийин экинчи бир натыйжа тууларын көрсөтүүдө колдонулат. Жылдызканга караганда Уркуя тың (Байтемиров). Радионун кабарына караганда келе жаткан жума жаан-чачындуу болот экен (Каимов). Аяк ташташына караганда бул тың жылкы көрүнөт («Ала-Тоо»).