КАРА-КУЛЖА
Энциклопедия "Манас". ч.1.КАРА-КУЛЖА — топоним. Эпосто сай, жер жана тоонун аты катары айтылат: «Айдап жылкы сугартып Кара-Кулжа сайына» (Сагымбай Орозбаков, 2. 163); «Адам калбай келсин деп, Кошунуна чакырды Кара-Кулжа, Тарынан, Көкүрөк, Көк-Арт баарынан, Кара-Алма кайкы белинен» (Сагымбай Орозбаков, 2. 206) деген саптардан көрүнгөндөй Кара-Кулжа Алтайдан көчүп келген Манастын эли жашап турган жер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Кара -Кулжанын элдик этимологиясы мындайча чечмеленет:
Кароолдуктун тоосунан
Карыя Бакай абасы
Көмүрдөй кара Кулжадан,
Көбүн атып салыптыр.
Акыр заман журтуна
Кара-Кулжа атагы
Так ошого калыптыр (Сагымбай Орозбаков, 2. 170)...
Капкара болгон Кулжадан
Элүү төртүн атышып...
Баатырлар жолго салыптыр,
Кара-Кулжа атакка
Жер атагы калыптыр (Сагымбай Орозбаков, 2. 288).
Географиялык реалияда Кара-Кулжа азыркы Ош облусунун түндүк-чыгышында жайгашкан аты уйкаш дарыя жана анын чөлкөмү.