КАРАМАНЧА
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Эч нерсесиз, такыр эчтемеси калбай, так каткан боюнча. Үй жайынан, мал-мүлкүнөн айрылып, караманча калган кедейлер үркүндө катуу азап тартканы эсибизден кете элек («Эркин Тоо»). Ириде жетим-жесир, караманча эчтемеси жокторду эсиңе ал (Жантөшев). Тапкан-ташыганын бүт көтөрүп алып, бизди караманча калтырып кете берген экен да! («Ала-Тоо»). 2. Таптакыр, түк. Мени караманча эчтеме билбеген келесоо деп турасыңбы?! («Чалкан»). Үйгө барып келүүдөн Шарип караманча баш тартты (Бейшеналиев).