каран I то же, чтокараан; караның аман көрүндү фольк. вид у тебя хороший. каран II 1. несчастье, беда; каран күн или каран түн 1) несчастный день; день, который приносит несчастье; 2) проклятая жизнь; күнү каран болду он попал в тяжёлое положение; башыма каран түн түштү я попал в большую беду, со мной случилось большое несчастье; каран түн сал- или каран түн түшүр- обрушить беды, несчастья; учинить разгром; башыма каран түн түшүрөбүз мы ему учиним разгром; каран дүйнө злосчастный мир; мир, полный несчастий и бед; 2. оставшийся без присмотра, оставшийся без помощи; каран кал- остаться без крова; оокаты каран калды он совершенно обеднел; он очень бедно живёт. каран- III возвр. откара- II осматриваться, оглядываться; рассматривать себя (напр. в зеркале); эки жагыңды каранып бас иди, оглядываясь по сторонам; иди осторожнее; кара чачын таранып, жан-жагына каранып фольк. расчёсывая свои чёрные волосы и по сторонам поглядывая; өз боюна каранып коюп оглядев себя (напр. взглянув, как сидит платье); жол каран- всматриваться вдаль; смотреть на дорогу с ожиданием; жерди каранат он стыдливо опустил голову; каранган-карманганым то, что я имею.
1. Азап-тозоктуу кыйын шарт, начар турмуш-абал. Кечээги каран турган айылдарда, Балбылдайт электрик күйүп-жанып (Бөкөнбаев). Жедеп күнүм каран болгондо келип отурбаймынбы (Маликов). Келин ошентип башындагы бактысына ишенип-ишенбей кыйды болуп турган чакта капыстан кырсык басты да, кайрадан каран күн түштү (Акматов). 2. Ээн калган, кароосуз, багуусуз абалда болгон. Каран калган жетимим, Каран түндү салбагын («Сейтек»). Каран калган малдарың, Каарына алса жуттуку, как баш! («Эр Төштүк»).
1. без какой-л. примеси; карандай чай чай без молока; карандай суу вода без всяких добавлений и примеси; карандай жала сплошная клевета, наглая ложь; карандай шамал сухой ветер (без снега, без дождя); карандай ысык ничем не смягчаемая жара (напр. совсем без ветра); 2. совершенно, окончательно; карандай бузуп совершенно разрушив, испортив; окончательно развратив, совратив.
Жалаң гана, аралашмасы, кошулмасы жок. Карандай чай. Карандай суу. Бүгүн аба ачык болгону менен карандай суук болуп турду (Убукеев). Каңгырап жаткан талаа эле, Карандай шамал чаң эле (Үсөнбаев).
Жаан-чачын болбой, кар жаабай, күн ачык болуп тургандагы өтө катуу суук, ызгаар. Кыймылсыз селдейип тура калсаң өпкөдөн өткөн карандай суук колдоруңдун учтарын, беттериңдин отун ийне менен сайгандай тызылдатып иет (Кыдырмышев). В.: Кара суук. Тү деген түкүрүк жерге түшпөй тоңуп, жаланган кара суук колу-бетти аймалайт (Бердикеев).
Жаан-чачын болбой, кар жаабай, күн ачык болуп тургандагы өтө катуу суук, ызгаар. Кыймылсыз селдейип тура калсаң өпкөдөн өткөн карандай суук колдоруңдун учтарын, беттериңдин отун ийне менен сайгандай тызылдатып иет (Кыдырмышев).
1. Жыгач таякчанын ичине графиттен же кургак боёк затынан өзөк салынып жасалып, жазуу, чийүү, сүрөт тартуу үчүн колдонула турган курал. Боёк карандаш. Сыя карандаш. Инженер-майор картаны столдун үстүнө жайды да карандашын колуна алып, сүйлөй баштады (Сасыкбаев). Столдогу карандашты алып, жаза баштады (Токомбаев). 2. Графит, күмүш, коргошун менен аткарылган сүрөт тартуу техникасынын аталышы.
(или көз каранды) 1. смотрящий просительно, с ожиданием; 2. зависимый; көз каранды өлкөлөр зависимые страны; көз каранды бол- быть в зависимости; сага көз каранды болбоймун я от тебя зависеть не буду.
зат.1. Тамыры дары катарында колдонулуучу өзөктүү, жалбырактуу жапыз өскөн өсүмдүк.
2. Бою бийик, сары гүлдүү, чоң-чоң жалбырактуу тоого чыгуучу куурай.
1. Тамыры дары катары колдонулуучу, өзөктүү, жалбырактуу, жапыз өскөн өсүмдүк. 2. Бийик өскөн, сары гүлдүү, чоң-чоң жалбырактуу, тоодо өсүүчү куурай өсүмдүгү.
(Сагапх) — каранкстар; ставрида балыктарынын бир уруусу, буларга кыйла түрлөр кирет: каранкс большой (С. hippos) — ири каранкс, к. гавайский (С. cheilio) — Гавай каранксы, к. длинноперый (С. armatus) — узун канат каранкс, к. золотистый (С. crysos) — сары каранкс, к. малабарский (С. malabaricus) — Малабар каранксы, к. сенегальский (С. senegalensis) — Сенегал каранксы, к. черный (С. lugubris) — кара каранкс, к. шестиполосый (С. sexfasciatus) — алты түшкүндүү каранкс.
Өтө кайгырганда, чочуп кеткенде, аябай корккондо, катуу нараазылыгын билдиргенде колдонулат. Эмне дейт каран күн, кудай? Каран күн, айта көрбө! Ысмайыл акемен кара кагаз келди... Каран күн түштү биздин үйгө (Мырзаев). -Эй, каран күн, бизге кошоматтан башка, чокубузду колу буз менен калкалаштан башка арга калган жок беле?... (Касымбеков).
Өтө кайгырганда, чочуп кеткенде, аябай корккондо, катуу нараазылыгын билдиргенде колдонулат. Эмне дейт каран күн, кудай? Каран күн, айта көрбө! Ысмайыл акемен кара кагаз келди... Каран күн түштү биздин үйгө (Мырзаев). Каран күн, эмне болуп кетти! («Ала-Тоо»). – Эй, каран күн, бизге кошоматтан башка, чокубузду колубуз менен калкалаштан башка арга калган жок беле?... (Касымбеков). В.: Кокуй күн! Кокуй күн турбайсыңбы! (Бейшеналиев). А, кокуй күн, дагы эмне болуп кетти! – ыя, кокуй күн, көңүл иши куруп кетсин! (Бердикеев). Алат күн. Атыңдын оозун бура тур, Алат күн, Чүрөк, тура тур («Сейтек»).
Кырсык чалуу, балакет басуу, кайгы каптоо, азап чулгоо. Келин ошентип башындагы бактысына ишенип-ишенбей кыйды болуп турган чакта капыстан кырсык басты да, кайрадан каран күн түштү (Акматов).
зат.1. Жугуштуу оорулар таралып кетпес үчүн жугуштуу оорулуу кишилерди же айбандарды бир жерге бөлүп коюп, ага эч кимди киргизбөө, андан эч кимди чыгарбоо чарасы. Айдан ашык карантинде жаттык (Сыдыкбеков).
2. Жугуштуу оору бар жерлерден келген адамдарды, товарларды текшерип көрүүчү санитардык пункт.
м. карантин (1. жугуштуу оорулар таралып кетпес үчүн жугуштуу оорулуу кишилерди же айбандарды бир жерге бөлүп коюп, ага эч кимди киргизбөө жана чыгарбоо; 2. жугуштуу оору бар жерлерден келген адамдарды, кемелерди, товарды текшерип көрүүчү санитардык пункт).
ТОСОТ (КАРАНТИН) (ит. quaranta giorni – кырк күн) – жугуштуу оорулардын эпидемиялык чордондон (келүүгө жана кетүүгө тыюу салуу, оорулуу же алар менен аралашкан адамдарды аныктоо же бөлүү ж. б.) же эпизоотиялык чордондон (сезимтал жаныбарларды киргизүүгө, чыгарууга жана топтоого тыюу салуу, ылаңдаган малдарды бөлүү ж. б.) таралуусун алдыналуу үчүн чаралар тутуму.
1. Жугуштуу оорулардын таралышын (соолорго да жайылып кетишин) токтотуу үчүн оорулуу адамдарды же малдарды башка чөйрө менен катыштырбай, изоляциялап бөлүү чаралары. Айдан ашык карантинде жаттык (Сыдыкбеков). 2. Жугуштуу оорулар тараган жерлерден келген жүктөрдү, кемелерди жана адамдарды текшерип көрүүчү санитардык пункт.
КАРАНТИНДИК МАТЕРИАЛДАР – жыйноочу жайлар, транспорт каражаттары, контейнерлер жана башка кандай гана болбосун зыяндуу организмдердин таралуусу мүмкүн болгон заттар жана материалдар.
ТОСОТ КӨЗӨМӨЛҮНӨ АЛУУ – өлкөгө жугуштуу оорулар менен айыл чарба зыянкечтеринин каптап кирүүсүн токтотуу боюнча мамлекеттин санитардык ишчараларды жүргүзүүсү. Ушу тапта түпкүлүгү жаныбарлар менен өсүмдүктөрдөн келип чыккан жүктөр, таңгактар, унаа каражаттары тосот көзөмөлүнө алынат.
ТОСОТ ОБЪЕКТИСИ – КР аймагында али жок же чектелүү гана таралган, бирок өсүмдүктөр менен өсүмдүк өнүмдөрүнө кыйла залал келтире турган зыянкечтердин түрү, өсүмдүк илдеттерин козгоочулар же отоо чөптөр.
Кыйынчылык, чоң кырсык, өтө оор абал. Калдайган калктын башына каран түн мынча келе элек («Манас»). Туйгундардан айрылып, Каран түн түштү Манаска («Манас»). Карындашым Зууранын башына каран түн түшүптүр («Кыргызстан аялдары»).
Кыйынчылык, чоң кырсык, өтө оор абал. Калдайган калктын башына каран түн мынча келе элек («Манас»). Туйгундардан айрылып, Каран түн түштү Манаска («Манас»). Аларга каран түн болуп, Агарып таң аткан жок (Тоголок Молдо). Карындашым Зууранын башына каран түн түшүптүр («Кыргызстан аялдары»). В.: Кара түн. Жалпы эле Журттун башына кара түн түшүптүр (Бектенов),