Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАКОЖО — этноним. Эпос боюнча казак урууларынын бири: «Алчын, Үйшүн, Найман бар, Аргын, Кара кожо бар» (Курама варианты, 1. 69). К. казактардын аргын уруусунун ичине кирген же болбосо аларга жакын уруунун аты. Эпосто К. кээде уруунун, кээде кейипкердин аты катары колдонула берет. Реалдуу турмушта казак, кыргыз жана башкалар элдердин курамындагы уруулардын бири катары адам аттарынан пайда болгонун көрөбүз. Казак окумуштуу лары К. аргындардын урааны катары колдонулганын белгилеп жүрүшөт. Буга караганда К. уруусунун аты адам атынан алынып коюлган жана ал «Манас» эпосунда кеңири чагылдырылган.