Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Карагай сөзүн кара+гай бөлүктөрүнөн турат деп эсептесек, -гай мүчөсү ыргай деген сөздө да бар деп билебиз. Торгой, чакчыгай сыяктуу канаттуулардын аттарынын аягында да жогорку эле -гай мүчөсү бар дешке болот. Анткени моңголчо шаазгай сөзү кыргызча сагызган, моңголчо халхай сөзү кыргызча чалканга туура келет. Кыргызча сөз аягында келген н тыбышы моңголчо й тыбышына алмашкан. Ушундай алмашуу алгачкы караган сөзүндө да болгон деп эсептесек, азыркы карагай сөзү экөө тектеш болуп чыгат. Кыргыз тилиндеги караган деген бадал өсүмдүгү өңү-түсүнүн каралыгынан ошондой аталса, карагай сөзү болсо байыркы түркчө кара «бийик» сөзүнөн келип чыккан. Карагай менен караганды чаташтырбоо үчүн караган деген алгачкы омонимдин биринин аягындагы н тыбышын й тыбышына алмаштыруу аркылуу экөө эки башка формага келип калган.