Киргизско-русский словарь Юдахина
1. ель; еловый лес;
бай карагай большая развесистая ель;
кызыл карагай сосна;
Сибирдин кызыл карагайлары сибирские сосны;
2. (в языке старшего поколения) горный лес (в отличие от токой; см.);
карагай башы разг. лесник (лесной сторож);
сым карагай уст. телеграфный столб;
сым карагай жолу уст. телеграфная линия;
тилим шыдыр, түздүгү сым карагай жолундай стих. (поэт о себе) язык мой гладок, его стройность подобна телеграфной линии.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Дайыма көгөрүп туруучу ийне жалбырактуу жыгач. Карагай, кайың, арча, шилбилери Көйкөлүп өнүп турган бак эмеспи (Шүкүрбеков).
¨ Бай карагай бутактуу чоң карагай. Бай карагай балаты, Тамыры менен суурулуп («Семетей»). Карагай башы — токойчу, токой сакчысы (көбүнчө карагайлуу токойго карата). Сым карагай — электр жана телефондун сымдары керилген устун, багана. Термелтип поезд жүрдү арыш салып, Саналып сым карагай жатты калып (Турусбеков).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Карагай сөзүн кара+гай бөлүктөрүнөн турат деп эсептесек, -гай мүчөсү ыргай деген сөздө да бар деп билебиз. Торгой, чакчыгай сыяктуу канаттуулардын аттарынын аягында да жогорку эле -гай мүчөсү бар дешке болот. Анткени моңголчо шаазгай сөзү кыргызча сагызган, моңголчо халхай сөзү кыргызча чалканга туура келет. Кыргызча сөз аягында келген н тыбышы моңголчо й тыбышына алмашкан. Ушундай алмашуу алгачкы караган сөзүндө да болгон деп эсептесек, азыркы карагай сөзү экөө тектеш болуп чыгат. Кыргыз тилиндеги караган деген бадал өсүмдүгү өңү-түсүнүн каралыгынан ошондой аталса, карагай сөзү болсо байыркы түркчө кара «бийик» сөзүнөн келип чыккан. Карагай менен караганды чаташтырбоо үчүн караган деген алгачкы омонимдин биринин аягындагы н тыбышын й тыбышына алмаштыруу аркылуу экөө эки башка формага келип калган.