КАРАЙ I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Караруу, кара түскө айлануу. Жер бети карайып, ак кар, көк муздан арылган кез («Ала-Тоо»). Карайган калың булуттар ары-бери сүрүлүп отуруп, көлдүн үстүндө самсаалап турган кезде, биз чатырларды көздөй дыр коюп жөнөдүк («Ала-Тоо»). 2. Калың, жыш болгон нерселер алыстан түнөрүңкү тартып, карарып көрүндү. Маңдайынан көрүндү, Карарган шаардын барааны («Курманбек»). Карайган дарак чарбагым, Карааның көрбөй зарладым (Токтогул). Алыстагы карайган чоң караанды көздөй түз жылып отурдук (Баялинов). 3. өт. Аябай ачуусу келүү, кыжыры кайноо, түнөрүү. Атаңдын мүнөзүн билесиң го, бир карайганына экинчи агарбайт (Каимов). Карайды жаным ушундай, Каныма тоюп жутса да (Токтогул). 4. диал. Кара. Карай көз. Карай куш.