1. чёрный (обычно о верблюде);
карача төө чёрный верблюд;
карача нар чёрный одногорбый верблюд;
карача нардан суу чыкты загадка из чёрного верблюда вода пошла (отгадка жаш слёзы);
2. ист. простолюдин.
КАРАЧА — кейипкер. Кыз Сайкалдын атасы. Бул каармандын образы эпостун варианттарында ар башкача чечилет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында калмак доотайы, эл билерманы. Бул вариантта Каткалаң деген ылакап ат менен да айтылат. Текес кан жеңилгенде сексенге таяп калган К-ны эл кандыкка каалайт, көңүлдөнүп калганында кызы Сайкал каршы болуп К. кайра кандыктан айнып калат. Ошондо эл бизге катаалдык кылдың деп, Каткалаң атка конуп кетет. К. Текестин иниси Тейишти кандыкка көрсөтөт. Тейиш кандын тоюндагы эрөөлдө Манастан найза жеген Сайкал сайышка кайра чыкпай койгондо, Манаска К-нын айтуусу боюнча Сайкалдын атын тартуу тартышат. Манас Сарыбуурулду К-га берет (Сагымбай Орозбаков, 2. 46—48, 64—67). Саякбай Каралаевдин варианты нда кырк уруу кыргыздын бири нойгут элинин каны делет. Атасы Жакыпка таарынып, өзүнө ылайык жолдош издеп чыккан Манас Баба дыйкан менен ортоктошуп айдаган буудайын эли ачарчылыкка учурап, эгин издеп жүргөн К-га берип, акысына «Кулатайды» алып, ал кийин баатырдын айтылуу тулпары Аккула болуп чыгат. Акылы жетик, эл камын ойлогон К.:
Ал абалың кандай деп,
Картайганда Карача
Ал-абалын сурай жүр!
Эрендирсиң, эрдирсиң
Күтүп алчу сендирсиң!
Элди байкап чала жүр,
Менин жерим Лоп дайра
Ошондон кабар ала жүр!
— деп Манаска анын жалпы кыргыз элине арка-бел экенин айтат (Саякбай Каралаев, 1. 172 —182). Манас өлгөндө кызы Сайкалга алтымыш катын кошокчу менен тул салдырып берет (Саякбай Каралаев, 2. 253).
А. Күрөгөнов, С. Төлөгөнова
1. Кара (көбүнчө төөгө карата айтылат). Миң карача төө сайдым, Миң кара кашка бээ сайдым («Эр Төштүк»). Элге өкүм чачты эми Миң карача төө бер деп («Сейтек»). 2. сейр. Кара өңдүү, карасур адам.
мн. (ед. карачаевец м.)
карачаевецтер.
карачай
карачай кой (а. ч.)
ж. с. карачай. Карачай-Черкес автономия областында жашап туруучу элдердин бири.
Балакеттүү жалаадан, башка түшчү кырсыктан сакта деген маанидеги тилек. О жараткан! Карачанын дооматынан сакта, Кандын касабынан сакта! (Кыргыздардын байыркы батасынан).
КАРАЧАЧ — эпизоддук кейипкер. Үргөнчтүн боюнда Семетейди күтүп жаткандагы Айчүрөктүн нөкөрү (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 47). Кийин Кыяс Айчүрөктү олжолоп алып кеткенде К. Айчүрөк менен кошо жүрөт. Айчүрөк толготуп жатканда эркек төрөсө баласын билгизбей өлтүрүп келгиле деп, Кыястын жети кемпирди жөнөтүп жатканын К. угуп, Айчүрөккө айтып келет. Айчүрөк К-тын жардамы менен жети кемпирди өлтүрүп, Сейтекти аман алып калат.