Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ниети бузук, кара санатай, оң санабаган, кара ниет. Кара жүрөк Канчоро, Кан болуп бийлик жүргүздү («Семетей»). Кара жүрөк-залимдер кайыштай кести демимди (Токтогул). Ошондо жылкы адамдын канаты болуп турганда чыгыштан селт этпес, кара жүрөк кан ичээр кол башчылар чыгат (Осмоналиев). В.: Кара көңүл. Кара көңүл адамдан, Бөлө жүр дайым чегиңди (Жантөшев). Кара көңүл Канчоро, Байгамбардай Бакайга каарын төгүп кордуктап («Сейтек»). Кара ниет. Адам бактысын байлаган кара ниет тажаалдар чыккан (Жантөшев). Алар кара ниет эмеспи? (Медетов).