КАРА
Энциклопедия "Манас". ч.1.КАРА АТ — Чынкожонун укмуштуу канаттуу аты. Саякбай Каралаевдин варианты нда төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Чынкожонун Кара аты
Кара атынын бар экен,
Капталында канаты.
Ажайыптан дуба окуп,
Уча жүргөн адаты.
Кыйын зээрчи жадыгөй,
Кылганы ушул Кожонун —
Астында бедөө
Кара аты Кара жанга күч келсе,
Кармашкан жоону көргөндө
Калкылдап учаар адаты (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 134).
Канаттуу К. а. минип, асмандап учуп урушкан Чынкожо Семетейлерге үстөмдүк кылат. Качан гана Күлчоро канатка атканда К. а. жерге түшүп өлүп, Чынкожо жеңилет, к. Канаттуу аттар.
А. Жайнакова