Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Нерсенин алыстан көрүнгөн элеси, сөлөкөтү. Караанын көрүп айылдын, Суусунан өттүм Нарындын (Казыбек). Кечирээк токой четинен караан көрдүм («Ала-Тоо»). Жалгыз караан өзүнчө кыңылдап ырдап, орто көчөдө келе жатты (Убукеев). Айланада эч кандай караан же табыш билинбейт (Жантөшев). Каухарым-ай, кайдан кезиктиң, Карааның кайберендей кайып болуп (Гапаров). Айтматовдун алп карааны көрүнөт, Сөздөрүнөн Шоола шаңы төгүлөт (Акматалиев). 2. Бир нерсенин сыртынан, алыстан байкалган жалпы көлөмү, көрүнүш абалы, канча экендиги. Суук көзгө карааны, Беш-алты жүз чамалуу (Тоголок Молдо). Удургуган көп караан, Оттоп жүргөн мал бекен? («Курманбек»). Дүмүрөйгөн көп караан, Токойбу десем, эл экен («Манас»). 3. өт. Бел кылар таяныч, жөлөк, медер, тирек. Кырк миң колго барабар, Кырк жигит менин карааным («Курманбек»). Мага караан эле болуп бер (Бейшеналиев). Айчүрөктүн баласы, Эгерде эркек уул болсо, Караан кылып алалык («Сейтек»).