КАРА БАСУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Көзү бозоруу, эс-учунан тануу. Анын төрөтүү кыйын, дайыма төрөгөн сайын кара басат («Советтик Кыргызстан»). Катынын кара баскандай, Айкырыкты салды Карагул («Сейтек»). Кыйкырыгы баш жарып, катынын кара баскансып, куугуну жаңы качкансып (фольк.). 2. Кырсык басуу. Канды кара басканда калыстыктан адашат (Жантешев). Кара басып калбаса, Кантип Бермет айтты экен («Саринжи-Бөкөй»), Кара басып, кайдан гана бардык экен (Бердикеев).