1. глиняный горшок;
2. гончарные изделия.
зат. Чоподон жасалган кумура, идиш ж. б. Карапага өстүрүлгөн.. гүл.. буруксуп турар эле (Сыдыкбеков).
Чоподон бышырылып жасалган идиштерди билдирген карапа деген сөздөн кийин кабыл алынгандыгы жөнүндө К. К. Юдахин белги койгон эмес. Биздин оюбузча, карапа сөзү гректин кегаточ «топурак» деген сөзүнөн кабыл алынган. Кабыл алынганда биринчи муундагы е тыбышы аяккы муундагы жоон үндүүлөрдү ээрчип, а болуп өзгөрүп, м тыбышы п тыбышына алмашкан: керамос>карама>караба>карапа.
Чоподон жасалган идиш, кумура. Аздан соң бир жигит чоң карапага куюлган бирдемени алып кирди («Жаш ленинчи»). Карапага өстүрүлгөн канча түрдүү гүлдөр терезелердин текчесинде жайнап турганын көрөсүң («Ала-Тоо»).
простой, безыскусственный;
карапайым жылкы простая (непородистая) лошадь, лошадь киргизской породы;
карапайым ит простая (непородистая) собака, дворняга;
карапайым киши заурядный человек (ничем не примечательный);
карапайым тил простой, безыскусственный, невычурный язык.
сын. Жөнөкөй. Карапайым койчулар көптү билет (Жантөшев). Карапайым жылкы.
karapayım
mütevazı, alçak gönüllü, basit
1. Мүнөзү, жүргөн-турганы жөнөкөй, жупуну, бой көтөрбөгөн, менменсинбеген. Биздин командирибиз, Василий Мартынович, курулай чакчаңдай бербеген карапайым, ак көңүл адам эле («Ала-Тоо»). Адам канчалык карапайым болсо, элге ошончолук жагымдуу, жугумдуу болот («Ала-Тоо»). 2. Кызматы же башка даражасы боюнча өзгөчөлөнбөгөн, катардагыдай эле абалда болгон. Калтабай, эми сен мурдагыдай карапайым көптүн бири эмессиң (Токомбаев). Кечээ жакында эле карапайым колхозчу болуп жүрүп, эми бир мекемени башкарган мыкты жетекчилердин катарына кошулдуң («Чалкан»). 3. Тукуму асылдандырылбаган, зоот чалыш эмес, кадимкисинен өзгөчөлөнбөгөн (үй айбандарына карата айтылат). Карапайым кыргыз жылкысы. Карапайым ит. Илгерки карапайым уйлардын ордуна азыр зоот тукум уйларды кармоого өттүк («Ала-Тоо»).
простота, безыскусственность, незатейливость; простоватость.
зат. Жөнөкөйлүк. Мен эң эле карапайымдык менен сөз баштап жибердим («САЖИ ).
карапайымдык, кара пайымдыгы, карапа йымдыкка
Башкалардан өзгөчөлөнбөгөн жөнөкөйлүк, жупунулук, менменсинбегендик. Сенин карапайымдыгыңа карап, кыз-келиндер да катуу тамашага алып, эрмек кылышчу болду го («Ала-Тоо»).
(анат.) карапакс; ташбаканын жонундагы чопкуту.