КАРА КАГАЗ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Согушта курман болгондорду билдирүү үчүн жиберилген кабар. Касымдын кара кагазы жарым ай мурун колхозго келген экен (Айтматов). Балдарынан кара кагаз алгандан кийин таенем алма багына карабай, айыл арасына көчүп барды («Советтик Кыргызстан»). Кырк үчүнчү жылы күйөөсүнөн кара кагаз алган (Мырзаев). Жакында эле кара кагаз алып, күйөөсүнөн айрылып (Айтматов).