КАРА-БАЛТА
Энциклопедия "Манас". ч.1.КАРА-БАЛТА — топоним. Эпосто кыргыздар мекендеген жерлердин бири. Көкөтөйдүн уулу Бокмурун атасынын кара ашын өткөрүүчү жер тандаган учурда эскерилет: «Кара-Балта ашамын, Кайыңдыны басамын» (Радлов жазып алган вариант, 146). Географиялык реалияда Кыргыз Ала-Тоосундагы ашуу, анын түндүк капталындагы өзөн, өрөөн.