КАРА
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаАзыркы кыргыз тилиндеги көр жана кара этиштери бирдей эле маани берет. Ошондой болсо да болор-болбос айырмасы бардыгы байкалат. Көр этиши «бир жолу гана көз чаптырып өтүү» дегенге жакын маани берсе, кара сөзү «бир нече ирет көз жүгүртүү, байкоо» дегенге жакын маани берет. Мисалга «Мен жоголгон атты көрдүм» менен «Мен жоголгон атты карадым» дегенди алалы. Көрдүм сөзү катышкан учурда сүйлөөчү аны кайсы бир жерден бир жолу көзүнө учуратканын айтса, карадым сөзү катышканында болсо жоголгон атты табуу үчүн көп убакыт бою бир топ жерлерге көз чаптырганы айтылат. Мына ушуга карап кара этишинин аягындагы -а – мүчө, ал көп кайталанган кыймыл-аракетти билдирет дешке болот. Ал эми кар уңгусу көр этишинин бир варианты болуп эсептелет. Болжолу, маанилериндеги өзгөчөлүктү дааналаш үчүн алардын тыбыштарын өзгөртүп жиберүү аркылуу формасы боюнча да айырмаланып тургандай кылуу талабы боюнча ушундайча иштелген.