КАРАЙЛА
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Көзү жакшы көрбөй бүдөмүктөп калуу. Жалгыз көзүң карайлап, Жардан учуп өлөсүң (Токтогул). Карайлап кара көз көрбөй, Кайырсыз катаал түн беле? (Абдыраманов). 2. өт. Эмне кыларын билбей кайсалоо, карбаластай берүү, айласы кетүү. Каныш байкуштун, күнү карайлады го (Сыдыкбеков). Кайда барарын, кимден сураарын билбей, карайлап турбайбы (Байтемиров). Баш буруп баса албай, карга камалган малдар катуу карайлады (Убукеев). Калчаса тагдыр кайратым кетип карайлап, Кайгырып келип, кубанып чыгам үйүңдөн! (Бегимкулова).