Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бөлөк өсүп, өзүнүн тууган-туушкандарына кайдыгер болуп калган. Жаман чапан кийгиздим, Катыгып адам болсун деп, Кара боор жүргүздүм (фольк.). – Аялыңда кеп жок, кеп кара боор жолдоштордо (Алышбаев). Бир көргөн киши жеткен түнт, кишиге ымаласы жок, кара боор дегидей (Алышбаев). 2. Таш боор, ырайымсыз, боору таш, адамкерчилиги жок. Адамдын тагдырын кандай кара боор акчага сатат («Ленинчил жаш»). Артынан бала ээрчибеген кара боор как баштан опо таппайсың (Укаев). Чыныкан өзүнүн кара боор, катуулугуна ушул баштан уу сөздөрүнө өкүнгөн жок (Абдукаимов). 3. Кедей, колунда жок, жарды. Кара боор адамдын кызы ыпча жакта жүргөнү жакшы (Сыдыкбеков). Ага кара боор журт илгеритен багынган (Сыдыкбеков).