Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бактысыз, байкуш, ырысы жок, шордуу. Уйкучулугуна жараша бул кара тумшуктун соргоктугун кантейин (Убукеев). Ошо кара тумшук, куу аяк, Качырып жоого кире элек («Сейтек»). Кара тумшук жайнагыр, «Калк меники» деп чыгат («Семетей»). В.: Куу тумшук. Баягы куу тумшук бала энесине кетип калган тура! – деп Сыпай жеңе арыздана кетти (Убукеев). Кем тумшук. Бул кем тумшуктун кылганын кара («Ала-Тоо»). Тумшугу жок. О, тумшугу жоктор, тургула! – деген Бурманын катуу дабышы менен селт ойгонуп кеттим (Элебаев). Тумшугу тайкы. Туулгандан жалгыз кыз, тумшугу тайкы мен элем («Курманбек»).