караан
Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. 1. Нерсенин алыстан көрүнгөн сөлөкөтү. Чаргынды караанынан эле тааныды (Сыдыкбеков). Эки караан жакындап келе жатат (Жантөшев).
- 2. Бир нерсенин көрүнүш көлөмү, канчалык экендиги. Алардын карааны эки жүздөн артык.
- 3. өт. Медер, жөлөк, бел, таянч, тирек, жардамчы. Каргадай жалгыз иниңдин Караан болгун жанына («Эр Табылды»). Кырк миң колго барабар Кырк жигит менин карааным («Курманбек»).