КАРА ООЗУҢА КАН ТОЛГУР!
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жаман, жагымсыз сөз айткан, жашыруун сырды сыртка чыгарып жиберген кишиге карата жек көрүү маанисинде колдонулат. – Бул кандай кара оозуңа кан толгур эле?! Кайдагы торпок?! (Өгөбаев). Ушундан кийин катуу айтсам, кара оозума кан толсун, – деди (Бердикеев). Кара оозуңа кан толгур, Кайрылгысыз күн болгур («Манас»).