КАРА ТАЛАШУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бирөөнүн жардамын күтүп, жанын калкалоого, кыйынчылыктан кутулууга аракеттенүү, жан аргасын издеп далбасалоо. Эл кара талашып, алактап кетип баратып, Муз-Арттын күркүрөгөн суусуна көч-мөчү менен чуркурап киришти (Элебаев). Ал кара талашып жуушап жаткан койду аралай чуркады (Аалы).