КАРА ЖАНДЫ КАРЧ УРУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бардык күч-кубатын, мүмкүнчүлүгүн жумшоо, тынбай аракеттенүү, жаны тынбай, тынымсыз катуу иштөө. Кара жанды карч урган Жаркынбай там-таштуу, мал-жандуу, очор-бачар (Бейшеналиев). Мен биякта кара жанды карч уруп, ага акча жөнөтүп турсам (Бердикеев). Жөндөн жөн эле далбастап, кара жанды карчуруп кыйнала бергиле (Медетов). Ошого бир шыпаа болор бекен деп кара жанды карч уруп жүрүп, мобу оокатты тапты эле (Саатов). Кара жанды карч уруп канча күйбөгүн, өгөйдөн убай буйурбайт (Айтматов).