КАРА БЕТ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Шерменде, маскара, жүзү кара (жазалоонун эски салтынан пайда болгон сөз. Кылмышкердин бетине көө сүйкөлүп, эл алдында маскараланган). Кара бет болуп кантип барам? (Абдукаимов). 2. Эри өлгөн аял, куда түшкөн күйөөсү өлгөн кыз (күтүүнүн белгиси катары бетти тытуудан беттин карттанып карарышы, таалайсыз болуунун белгиси). Карабеттин таалайга, Жазып койгон эри экен («Манас» С. К.). Кара бет болдуң, эриңди жалмадың (Жантөшев). Кара жолтой, кара бет болдуң, эшиктен үйгө башың кире электе эриңди жалмадың (Жантөшев). Анда ата-энеси кара бет болуп, өзү тозокто жалбырттайт да (Осмоналиев).