КАРМА
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кол менен тутуу, колуна алуу. Колума комуз кармадым, Козголуп элге жардадым (Тоголок Молдо). Колунда кармап турган китепти жерге коймокчу болуп, кыз эңкее калды («Ала-Тоо»). 2. Тегерете тосуу, курчоо. Чеп кармаган жерлерин, Талкан кылып өтөйүн («Манас»). Короонун айланасын чычырканак менен кармап чыкпаса, тешиктеринен мал өтүп кете бергидей («Ала-Тоо»). || Кыюу салуу, четтерин кыюулап коюу. Жабык баштын баарына кара кундуз кармаган (Тоголок Молдо). Этегине кара баркыт кармаган көбөөлүү ак тон кийген адам атчан бастырып өткөнүн көргөн элек («Ала-Тоо»). 3. Асыроо, багуу үчүн белгилүү бир жайда болчудай кылуу, токтотуп, камап туруу. Короого кармаган койлор. Капаска кармаган бөдөнө. Ар бир колхоз аттарды сарайга кармап, күтүнүп калды (Сыдыкбеков). || Кетирбөө, кетишине мүмкүндүк бербей, бошотпой туруу, коё бербөө. Атымды кармап турчу, мен кайра келгиче ушул жерде бол! – деп, бригадир конторду көздөй басты («Ала-Тоо»). Аксакал, бизди бекер кармай бербей, тезирээк кетирсеңизчи («Чалкан»). Бизди беш-алты күн кармап жатып иштеткиңер бар экен да («Ала-Тоо»). 4. Туткундоо, камакка алуу, колго түшүрүү. Айыпсыз кармап, сот кылып, Айдаганда кербезим (Токтогул). Душмандын чегине өтүп, нечен ирет «тил» кармап келген мыкты чалгынчы катары бааландым («Ала-Тоо»). || Тутуп алуу, колго түшүрүү (жапайы айбандарды, качкан малды ж. б.). Биз кичинекей кезде мына ушул бактан атам кыргый кармаганы эсимде («Жаш ленинчи»). Азоо бээлерди укуруктап кармап, желеге жакындатып алып келип саадырышат («Ала-Тоо»). 5. Тейлөө, күтүү, асыроо (үй тиричилигине, оокатка карата). Эбин таап кармаса, Үйдүн көркү катында («Мендирман»). 6. Пайда болуу, келе калуу, боло калуу. Ак көңүлү кармады. Марттыгы кармады. Жаман кыялы кармаса, бербей да коюшу мүмкүн. Оорусу кармады. Безгеги кармады. Талмасы кармады. 7. Токтолуу, болуп туруу, күчүндө болуу. Суук күч алып, а дегенде эле катуу кармады (Убукеев). Чилде кымбат кармаса, Малдын майы калбаса, Жут ушунда башталат (Тоголок Молдо). Азыр күн жылып, кар жок болгон менен, жазга жуук кармашы мүмкүн («Ала-Тоо»). 8. Көңүлгө тутуу, эсине алуу, унутпоо, Убалга ата калбагын, Бул сөзүмдү кармагын («Семетей»). Эне ордуна көрүнсөм, Балам, бул сөзүмдү кармагын (Токтогул). 9. Өзүн өзү токтотуу, токтоо болуу. Өзүмдү кармай албай кеттим (Байтемиров). Абийир бул отурушта ашык сөз сүйлөбөй, өзүн кармай билди (Таштемиров). 10. Башкаруу, бийлөө, бийлик кылуу. Кармаган шаары Бакбурдун, Кыйласын билем ал журттун («Манас»). Кайраттуу баатыр Каманбай, Калктын башын кармаган. («Семетей»).