Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Моңголчо гар сөзү «колду» билдирет. Байыркы түрк жазууларында кары сөзү «колдун билеги» маанисин берген. Мына ушул сөзгө этиш жасоочу -ма мүчөсү жалганган дешке болот. Бирок зат атоочтон этиш жасаганы даана көрүнүп турган -ма мүчөсү катышкан сөз азыркы кыргыз тилиде жок. Тырма, серме, жөрмө, чырма, ирме сыяктуу этиштердин аягында -ма элементи катышкан менен, алардын уңгусу зат атооч сөз экенин далилдөө мүмкүн эмес. Азыркы кыргыз тилинде кары сөзү «колдун чыканактан ийинге чейинки бөлүгу» деген маани берет. Ал эми кар жилик дегенде малдын алдыңкы бутундагы шыйрагы менен далысынын оросундагы жиликти билдирет.