КАРЫ I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Колдун чыканактан ийинге чейинки бөлүгү. Чоконун уулу Алымга көзүн кысып койду да, Дарыяханды карыдан чымчып алды (Жантөшев). Кадимден берки сыр найза, Карыга баатыр илгени («Манас»). Карматпай каз каркылдап качкан кезде, Колго алды автоматын карыга илген (Үмөталиев). 2. Көкүрөктөн (төштүн орто бөлүгүнөн) тартып, сунулган колдун учуна чейин жеткен (1 метрче келген) узундук өлчөмү. Бир кары бөз. Ыштаны жоктун түшүнө бир кары бөз кирет (макал).