ир.
помеха, препятствие;
сен мага каргаша кылдың ты мне напортил; ты мне помешал.
зат. Тоскоол, жолтоо, кырсык. Бул катуу каргаша болду го?! (Сыдыкбеков).
Кандайдыр бир ишке, ой-тилекке, максатка буйдоо болгон, аткарылышына, ишке ашышына жолтоолук кылган кырсык, каршылык, тоскоолдук. Биздин оюбузга койбой, ушул балакет зөөкүр каргаша болот экен да! («Ала-Тоо»). Экөөбүздүн бактыбызга каргаша болуп, түндүн түнөргөнүн карачы (Жантөшев).
беспокоящий, тревожный, неприятный;
каргашалуу кабар тревожная, зловещая весть;
бирөөнүн көзүнөн, каргашалуу сөзүнөн өзүң сакта спаси нас от чужого сглаза, от злого слова.
сын. Кырсыктуу, тоскоолдуу, жолтолуу. Мал кырылды го, каргашалуу бул кандай кар болуп калды («Ала-Тоо»). Кайгырып, Каке, турупсуң Каргашалуу өлүмгө (Токтогул).
Иштин, ойлогон максаттын ж. б. аткарылышына, ишке ашуусуна каргаша болгон, тоскоолдук кылган, кырсыктуу, чырчатактуу. Атай Таластан агылгалап чыга албай жүргөндө мына ушул каргашалуу окуя чыга келди (Каимов). Кайгырып мында турупсуң, Каргашалуу өлүмгө (Токтогул).