КАРГАША
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Кандайдыр бир ишке, ой-тилекке, максатка буйдоо болгон, аткарылышына, ишке ашышына жолтоолук кылган кырсык, каршылык, тоскоолдук. Биздин оюбузга койбой, ушул балакет зөөкүр каргаша болот экен да! («Ала-Тоо»). Экөөбүздүн бактыбызга каргаша болуп, түндүн түнөргөнүн карачы (Жантөшев).