КАРТАҢ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Карып калган, жашы жеткен, улгайган. – Жарыктык де! – деп картаң эне шыпшына берди (Сыдыкбеков). Володянын жалгыз гана картаң атасы бар (Жантөшев). || Карылыгы жеткен, карыган (айбандарга же көп жылдык өсүмдүктөргө карата айтылат). Картаң уй. Картаң алма.