Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Кыраан, жырткыч, учкул куш. Кары билет кааданы, Карчыга алат сонону (макал). Калкылдап учат асманда Карчыга менен жорусу (Бөкөнбаев).
КАРЧЫГА II зат. Жетим кабыргадан (жогорку кичине үч кабыргадан) кийинки кабыргалардан баштап эң акыркы кабыргага чейинки бөлүк. Карчыганын үстүнө, Төшөк салып жаткандай («Семетей»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир катар кыраан куштардын жалпы наамы. Карчыга деген кушу бар, Кадиксиз мерген ушу бар (Тоголок Молдо). Карчыга учат жем үчүн, Каз-өрдөк учат көл үчүн («Олжобай менен Кишимжан»). Калайлуу туур башынан, Карчыга боосу бошонду (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Союлган малдын же эти желе турган ири жапайы айбандардын этин мүчөлөп жиликтөөдө колдун алдындагы боконо кабырга, кара кабыргадан ылдый, кыраркадан ажыратылып кыртыштуу эти менен чыгуучу каптал бөлүк, кабыргалардан турган эти. Карчыганын үстүндө, Төшөк салып жаткандай («Семетей»).