Бир нерсеге жумшалуучу, керектелүүчү акча каражаты. Жол алыс – каржыны мол алсын дешти (Үмөталиев). Жол каржың үчүн бирдеме берейин дедим эле, үйгө кире кетчи, – деди таякем («Ала-Тоо»).
КАРЖЫ АГЕНТИ – 1) акча талаптарын төмөндөтүүгө кыюудан каржылануучу келишимдин тарабы; 2) КР Өкмөтү тарабынан КР Өкмөтүнүн атынан аткарымдарды ишке ашыруу ыйгарым укугу берилген каржы уюму.
КАРЖЫ ВЕКСЕЛИ – негизги багыты акча каражаттарын жайгаштыруу болуп саналган, товардык жабылуусу жок вексель. К. в-нин түрлөрүнө: банктык, казыначылык, юридикалык жактардын мөөнөттөрү өткөн векселдери боюнча (ымала, коло) векселдер кирет.
КАРЖЫ ЖЫЛЫ (салык жылы) – мыйзамдуу белгиленген жылдык мөөнөт, салык укуктарынын ченемдерине ылайык анын ичинде аркыл уюштуруучулук-укуктук тариздеги чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишмердиктеринин жыйынтыктары жөнүндө каржылык отчеттор түзүлөт. Календардык жыл салык төлөөчүнүн К. ж. болуп саналат. Календардык жыл 1-январдан башталып 31-декабрда бүтөт.
КАРЖЫ КОМПАНИЯСЫ – айрым банк аткарымдарын орундатуучу кредиттик уюм. Эларалык иш-тажырыйбада К. к. чакан жана майда ишканаларга керектөө кредиттерин берүүгө, аманаттарды тартууга (эреже катары кыска мөөнөттүк), чектерди жолжоболоого адистешет, ошондой эле факторинг, камсыздандыруу, кыймылсыз мүлктү сатуу менен алектенет. Көпчүлүк уюмдар өз аталыштарында алып жүрүшсө да, КР мыйзамдарында «К. к.» түшүнүгү жок (кара:Банктык эмес кредиттик уюм).
КАРЖЫ КӨЗӨМӨЛҮ – мамлекеттин жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдардын акча фонддорун түзүү, бөлүштүрүү жана пайдалануу тармагындагы аракеттердин мыйзамдуулугун жана максатка ылайыктуулугун көзөмөлдөө. Баардык каржы-укуктук институттарга таандык К. к. аркыл негиздер боюнча бирнече түрлөргө бөлүнөт. Өткөрүү мезгилине байланыштуу алдынала, агымдагы жана соңку болушу мүмкүн. Аны ишке ашыруучу органдарга (субъекттерге) байланыштуу К. к.: а) мамлекеттик бийликтин өкүлчүлүктүү жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын; б) президенттин; в) жалып компетенциядагы аткаруучу органдардын; г) каржылоо-кредит органдарынын; д) ведомстволук жана ички чарбалык; е) коомдук; ж) аудитордук болуп бөлүнөт.
КАРЖЫЛЫК ВЕКСЕЛЬ – 1) бир банк мекемесинин экинчисине акча алуу үчүн берген вексели. 2) кредит (насыя) же карыз алуудан келип чыккан карызды кредитордун пайдасына жазуу үчүн карыз алуучу берген жөнөкөй вексель ; 3) кредитор карыз алуучуга өзүнүн кредиторунун пайдасына ыйгарган которум вексели.
КАРЖЫЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР – төмөнкүлөр менен байланыштуу иштер: а) насыяларды, карыздарды, кредиттерди жана кредиттик кепилдиктерди берүү жана өткөрүү боюнча аткарымдар, ошондой эле акчалай кепилдиктерди берүү, кредит берүүчүлөр тарабынан берилген кредиттерди жана кредиттик кепилдиктерди, карыздарды башкаруу; б) депозиттик жана агымдагы эсеп аткарымдары менен байланышкан аткарымдар, ошондой эле башка эсептер, төлөмдөр, которумдар, карыздар милдеттенмелер, чектер жана жүгүртүмдөгү коммерциялык төлөм каражаттары, инкассо жана факторинг; в) алтын тыйындар жана коллекциялык нускалардан башка мыйзамдуу төлөм каражаттары болуп саналаган банкноттор, акча каражаттары; г) акциялар, облигациялар жана башка баалуу кагаздар менен байланышкан аткарымдар, ошондой эле баалуу кагаздардын сакталуусун камсыз кылуудан башка акциздик маркалар; д) каржылык ижара (лизинг) жана башка кередиттөө менен кыйыр байланышкан аткарымдар; е) инвестициялык фонддорду башкаруу менен байланышкан ишмердик.
КАРЖЫЛЫК ЛИЗИНГ – лизингдин лизинг берүүчү лизинг алуучу көрсөткөн мүлктү белгилүү сатуучудан өз менчигине сатып алууга милдеттенген жана аны ага лизинг нерсеси катары белгилүү акысына, белгилүү шарттар менен белгилүү мөөнөткө убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүчү түрү. Мында лизинг буюму берилген мөөнөт анын толук амортизациялык мөөнөтүнө барабар (же жогору) болот. Эгер лизинг алуучу лизинг келишиминде аныкталган сумманы толук төлөп берген болсо, келишимдин аракет мөөнөтү аяктагандан кийин (же аяктаганга чейин эле), анын шарттарынан башка жагдайлар келип чыкпаса, лизинг буюму лизинг алуучунун менчигине өтөт. К. л. мамилелери Эларалык каржылык лизингдер боюнча конвенция менен (Оттава, Канада, май, 1988-ж.) жөнгө салынат.
КАРЖЫЛЫК-ПЛАНДОО АКТЫЛАРЫ – мамлекеттин жана өзалдынча башкаруу органдарынын ишмердиктеринин жүрүшүндө кабыл алынуучу, белгилүү мезгил аралыгындагы каржы тармагына конкреттүү тапшырманы камтыган, б. а. каржы ресурстарын моблизациялоо, бөлүштүрүү жана пайдалануу боюнча план болуп саналган актылар. К.-п. а-на: а) КР мамлекеттик бюджети; б) мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу фонддордун каржы пландары; в) банктардын каржы-кредиттик жана кассалык пландары; г) камсыздандыруу уюмдарынын каржы пландары; д) министрликтердин, ведомстволордун, башка мамлекеттик башкаруу органдарынын каржы пландары жана сметалары; е) мамлекеттик уюмдардын каржы пландары (кирешелердин жана чыгашалардын баланстары); ж) мамлекеттик бюджетте турган уюмдардын сметалары кирет.
КАРЖЫЛЫК ЭМЕС ИНВЕСТИЦИЯЛАР – укук, лицензиялоо, ноу-хау, машина, жабдуу, жер участокторуна ж. б. инвестициялык долбоорлорго чегерүүгө байланышкан акчалай эмес инвестициялар.
КАРЖЫ МЕНЧИГИ – жарандык жана соода укуктарынын четжактык теориясындагы акча кагаздарын (облигацияларды, векселдерди, чектерди, ж. б.) жана документтерди өзүнө камтыган, аркыл коомдордо жана компанияларда (үлүштүк салымдар, акциялар) катышуу укугун чагылдыруучу түшүнүк.
КАРЖЫ МИНИСТРЛИГИ (Кармин) – аткаруу бийлигинин өзүнүн жоопкерчилигине кирген ыйгарым укуктарынын чектеринде аткаруу-бөлүштүрүү милдеттерин ишке ашыруучу органы. КР Карминдин негизги милдеттери: а) бирдиктүү каржы саясатынын стратегиялык багыттарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; б) республикалык бюджеттин долбоорун түзүү жана аткаруу; в) мамлекеттик каржы иштеринин туруктуулугун жана алардын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, кайтарымдуу чарба жүргүзүүгө таасир этүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле каржы рыногун өнүктүрүү чараларын ишке ашыруу; г) каржылык ресурстарды КР жана анын аймактарынын экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарына топтоо, максаттуу каржылоо; д) өлкөнүн экономикасына чет өлкөлүк кредиттик ресурстарды тартуу жана аларды жоюунун булактары тууралуу сунуштарды иштеп чыгуу; е) каржылык-бюджеттик пландоонун, каржылоонун жана эсеп берүүнүн усулдарын өркүндөтүү; ж) бюджеттик каражаттардын жана бюджеттен сырткаркы фонддордун ж. б. каражаттардын сарамжалдуу жана максатка ылайык пайдалануусуна каржылык көзөмөлдү ишке ашыруу.
КАРЖЫ ОТЧЕТУ (уюмдун) – чарба жүргүзүүчү субъекттер түзүүчү (мыйзам талаптарына ылайык) отчеттуулуктун милдеттүү таризи; уюмдун өткөн каржы жылындагы иштери жөнүндө ачык-айкын сандар менен көрсөтүлгөн отчету.
КАРЖЫ УКУГУ – укуктун бир тармагы, мамлекеттик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын акча фонддорунун (каржы ресурстарынын) түзүлүшүнүн, бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун жүрүшүндө пайда болгон коомдук мамилелерди теске салуучу, алардын милдеттерин ишке ашыруучу зарыл юридикалык ченемдердин жыйындысы. Тийешелүү илим жана окуу курстары да К. у. деп аталат.
КАРЖЫ УЮМУ – тийиштүү лицензиянын негизинде банк аткарымдарын жана бүтүмдөрүн ишке ашыруучу, болбосо баалуу кагаздар базарында кызмат көрсөтүүчү, каржылык мүнөздөгү камсыздандыруу боюнча жана башка кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жак, ошондой эле мамлекеттик эмес бааракы фонду, аны башкаруучу компания, пайлык инвестициялык фондду башкаруучу компания, кредиттик керек-жарак бирлиги жана башка каржылык рынокто кызмат көрсөтүүчү жана аткарымдарды жана бүтүмдөрдү ишке ашыруучу уюм.