КАРЫН
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Адамдардын, айбандардын тамак сиңдирүүчү органы. Карын токто кайгы жок, Каалагандын айбы жок (Тоголок Молдо). Тондун жеңдери жаңы сойгон жылкынын кардындай былбырады (Токомбаев). Келсең кардың жарылды (Токтогул). ||Койдун, эчкинин же кийиктин ушул органынан май куюуга, сүзмө салууга ж. б. ылайыктап иштетилген идиш. Майды жалаң гана карынга куйбастан, мөөндөргө да куя беришет (Абдукаримов). || Ушундай идишке куюлган май же сүзмө. Кубанычын кандырсам, Карын-карын май берет («Эр Төштүк»), Карын-карын май, сүзмө салып келе турган энекең бар эмеспи («Ала-Тоо»). Карын майга, Капырдын сөзүн козгойсуң (Калмырза). 2. Ич, курсак. Чиедей төрт жаш балдары, Карын ачка, кийми жок (Токомбаев).