КАРТА
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаЖылкынын жоон ичегиси карта аталат. Бул сөз карт «бырыш, тырыш» маанисиндеги сөздөн келип чыгат. Жылкынын жоон ичегисинин ички бети карт-карт же бүдур-бүдүр бырыш болуп турат. Ошондуктан ал карт аталган.
Чуваш тилинде сездүн аягында бир үндүү тыбыш бирде кошулуп, бирде түшүп, факультативдүү айтыла берет. Бул карта сөзүнүн аягына карт сөзүнө салыштырганда ашыкча келген ушундай тыбыш кошулган. Анын кошулушу менен карт жана карта сөздөрүнүн маанилери айырмалуу болуп, экөө эки башка нерсени билдирип калган.