кары
Толковый словарь кыргызского языка (1969) I зат. Колдун чыканактан ийинге чейинки бөлүгү Чоконун уулу Алымга көзүн кысып койду да, Дарыпханды карыдан чымчып алды (Жантөшев). Карыга найза илинген, Кадимден баатыр эл элек (Бөкөнбаев).
КАРЫ II зат. Үйдүн үстүнө коё турган устун.
КАРЫ III зат. дин. Куранды мыкты окуган, жат окуган адам.
КАРЫ IV сын. Картаң, карт. Кары киши. Кары да бол, жаш да бол, Кадырлашкын тирүүңдө (Токтогул).
КАРЫ V этиш. 1. Картаюу, улгаюу, жашап калуу. Карыдым деп турбастан, Дагы нуска жазамын (Тоголок Молдо).

- 2. өт. Эскирүү. Чай карып калды.