Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ниети оң эмес, душман, кас санаган. Бизге каршы кузгундар, Түпсүз болуп жок болду (Токтогул). Каршы жоодон калкын коргоп калуучу, Эр нускасы илгеркиден салты бар (Нуркамал). Бара-бара каршыларды чабабыз (Токомбаев). 2. Туура келбеген, макул болбогон, жактабаган, карама-каршы болгон. Каршы чыгат – деп, айтып, Каалабастай кеп айтып (Казыбек). Бирок Адылдын акылына каршы Анархан эчтеме айткан жок (Жантөшев). Каршы болбос атасы, Канышымдын сөзүнө («Мендирман»). Биздин арабызда иштин жалпы кызыкчылыгына каршы пикирдеги адамдар да жок эмес («Ала-Тоо»). 3. Бет алды, бетме-бет, тике алды. Баатырлар качып ыктады, Калабалуу калмактын, Каршысына чыкпады («Манас»). Биз жолдун оң жагы менен келатабыз, бизге каршы келаткан жүргүнчүлөр жолдун сол жагы менен жүрөт (Сыдыкбеков).