карма
Толковый словарь кыргызского языка (1969) этиш. 1. Кол менен бир нерсени тутуу. Колума комуз кармадым, Козголуп элге жардадым (Тоголок Молдо). Колунан кыса кармап, алкыш айттым (Осмонкул). Курч калем колго кармадың, Ыр жазуудан талбадың (Осмонкул).
- 2. Токтотуу. Абийир бул олтурушта Ашык сөз сүйлөбөй, өзүн кармай билди (Таштемиров).
- 3. Чыгарып жибербөө, белгилүү бир жерде токтотуп туруу. Уулдарды [согушка] узатыш үчүн ар бир колхоз.. аттарды сарайга кармап.. күтүп калышты (Сыдыкбеков).
- 4. Эсте тутуу, унутпоо, көңүлгө сактоо. Эне ордуна көрүнсөм, Балам, бул сөзүмдү кармагын (Токтогул).
- 5. Кийим-кечени кооздоо үчүн бир нерсени жабыштырып, кыюулап тигүү. Көрпө кармаган ак тон. Кундуз кармады. Баркыт кармады.
- 6. өт. Башкаруу, бийлөө. Кармаган шаары Бакбурдун, Кыйласын билем ал журттун («Манас»).