КАРГА
Краткий этимологический словарь кыргызского языка«Бирөөгө жамандыкты, кырсыкты тилөө» маанисиндеги карга сөзүнүн кандайча келип чыкканын аныктай турган түздөн-түз далилдер азырынча жок. Ошондой болсо да бул сөздүн келип чыгышына кыйыр далилдерди келтирүүгө болот. Байыркы түркчө йарлыка сөзү кыскарып отуруп жалга сөзү келип чыгып, андан карга сөзүнүн карама-каршы маанисиндеги алка сөзү келип чыкканы белгилүү. Карга сөзү да алгачкы бир-эки муунун жоготуп, тыбыштык жактан кыскарууларга учурап, азыркыдай түргө келиши мүмкүн. Анын алгачкы түрү каршылыка (<каршы+лык+а) болушу ыктымал. Ал алкагандагыга салыштырганда каршы тилектеги сөздөрдү айтканы үчүн ушундай аталган болуу керек.