Каршы чалгындоо ишмердиги
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)КАРШЫ ЧАЛГЫНДОО ИШМЕРДИГИ – улуттук коопсуздук органдарынын өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде чет мамлекеттердин атайын кызматтарынын жана уюмдарынын чалгындоо жана башка иштеринин бетин ачуу, алдын алуу, бөгөт коюу боюнча, ошондой эле айрым адамдардын мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирүүгө каршы багытталган ишмердиги.