КАРЖАЙ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Сөөктөрү чыгып өтө арык көрүнүү, арыктоо, эти качып, кажыган, калжайган көрүнүштө болуу. Кабыргаңды каржайтып, Карылуу элең, жыргалым (Тоголок Молдо). Омор каржайып үнсүз отуруп калды (Сыдыкбеков). Бир түндүн ичинде каржайып арыктаган, киши таанылгыс болуп чачы агарган (Байтемиров).