КАРГА БОК ЧОКУЙ ЭЛЕКТЕ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Эртең менен эрте, таң заардан, таң азандан. – Кеттиби карга бок чокуй электе? – Кетти («Кыргызстан маданияты»). – Эл-журт тынччылыкпы? Эмне болуп кетти? Карга бок чокуй электе келиптирсиң? («Кыргызстан маданияты»). В.: Карга кык чокуй электе. Ушуну шылтоолошуп, таң заардан карга кык чокуй электе жетип келишет (Борбиев).