карык I
то же, что карк I.
этиш. Көз тунаруу, жакшы көрө албай калуу. Ак карды теше тиктесе, Айнектей көзүң карыгат (Токтогул).
карык- II
(о глазах)
1. быть ослеплённым отражённым от снега светом и болеть;
2. болеть, ослепнуть от слёз;
көзү жаштан карыгып, бечара кемпир бир баштан сөз баштады зарылып фольк. бедняжка старуха, глаза которой ослепли от слёз, сразу же горестно заговорила.
карык-, карыгат, карык кан
Жакшы көрө албай, көзү тунаруу, көзү уялуу. Агарган карда көп жүрсөң, Көзүң бир күн карыгат (Токтогул). Караса көз карыккан Көчмө муздар турагың (Турусбеков).
Күн ачык болуп турганда карда жүргөн кишинин көзүнө күндүн нуру кардын чагылышынан улам көзү ооруп, жакшы көрө албай калат. Ушундай учурда айтылчу карык сөзү кар+ык бөлүктөрүнөн турат, -ык мүчөсү атооч сөздөрдөн этиш жасай турганын бирик (<бир+ик), жолук (<жол+ук, кезик (<кез+ик), тушук (<туш+ук), өчүк (<өч+үк, ачык (<ак+ык), атык (>ат+ык) сыяктуу сөздөрдөн көрүүгө болот.
КАРЫКАН — кейипкер. Кырк кан кытай элинин түпкү, башкы каны (императору). Саякбай Каралаевдин варианты нда окуяларга учкай катышса да элестүү сүрөттөлгөн, өзүнчө мүнөзгө ээ кейипкер. К., Эсенкан, Азизкан, Алооке төртөө бир тууган. К. чексиз бийликке эгедер, согуштук эпизоддорго түздөн-түз катышпаганы, баатырдык иштери сүрөттөлбөгөнү менен Эсенкан экөө көп согуштук окуялардын түздөн-түз уюштуруучусу болуп саналат. Ал ар кадамын өлчөп куулук менен бийлик жүргүзгөн кан катары акыл, айла, амал менен сырткы саясатын жүргүзөт. «Эрдигин билип Манастын, Нечен кыстап бурутту, Алалбаган мен ушу» — деп эң башкы душманы Манаска алы жетпегенин, анын баатырдыгын мойнуна алат. Кытайлардын көп маанилүү иштери К-дын буйругу менен бүтөт) Азизканга Алтынайды алып берет; Азизкан ат койдурганы баласын К-га алпарат; Манасты өз туугандары аркылуу тымызын жок кылуу үчүн Таласка Көзкамандарды жөнөтөт; Манас Чет-Бээжинге кан болгондо качып барган Коңурбайга Манастын айбалтадан өлөрүн айтып, айбалта жасатат жана башкалар). Коңурбай баш болгон кытай кандары алдына жүгүнүп турган Эсенкан да керек учурда К-дан акыл сурайт, анын буйругун аткарат, жардамын алат (кандыкты талап кылып келген Алмамбеттен качып, Эсенкан К-га даттанып барат жана башкалар). Айлакер К. Алмамбетке өзүнүн тагын мингизип, таажысын кийгизип, амал менен көзүн тазаламакчы болгонун билгенден кийин Алмамбет Бээжинге дүмөк салып, К. жок болгондуктан аны өлтүрө албай калат (Саякбай Каралаев, 2. 112). Чоң казаттан кийин К-дын тагдыры жөнүндө айтылбайт.
А. Күрөгөнов, С. Алиев
понуд. от карык- II
вызвать ослепление отражённым от снега светом;
күндүн нуруна чагылышып, караган көздү уялтып карыктырат (снег) отражая свет солнца, до боли ослепляет глаза смотрящего.