КАРЫК
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаКүн ачык болуп турганда карда жүргөн кишинин көзүнө күндүн нуру кардын чагылышынан улам көзү ооруп, жакшы көрө албай калат. Ушундай учурда айтылчу карык сөзү кар+ык бөлүктөрүнөн турат, -ык мүчөсү атооч сөздөрдөн этиш жасай турганын бирик (<бир+ик), жолук (<жол+ук, кезик (<кез+ик), тушук (<туш+ук), өчүк (<өч+үк, ачык (<ак+ык), атык (>ат+ык) сыяктуу сөздөрдөн көрүүгө болот.