Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Үнү бүткөнсүп, ачык чыкпоо, каргылданып чыгуу. Үнү кардыккан арабакечтер кыйкырышып, станциянын ичи базар сыяктуу тополоңдуу (Айтматов). Кылчайып карап койгун деп, кыйкырып үнүм кардыкты («Семетей»). 2. Аптыгуу, бурдугуу, чоң-чоң сугунуу. Нандан бир, эки кардыга сугунгандан кийин Яшанын чечекейи чеч боло баштады (Жантөшев). Апа, нан! – деп, ыйлап тура калган Эркин нандан кардыга жеди («Советтик Кыргызстан»). 3. Кыйналуу, алдан-күчтөн таюу, чаалыгуу. Кардыгып Сейтек турганда, Жетип келди Күлчоро («Сейтек»). Түнөргөн ата үнсүз кайышып, кардыгып отурат (Сыдыкбеков).