КАРТАЙ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Карылыкка баш коюу, каруу, жашы улгаюу. Картайып өмүр баратат, Кайрылбай кеттиң бала чак (Бөкөнбаев). Ак басып сакал, мурутун акылмандын, Сездирет кайгы менен картайганын (Үмөталиев). || Эскирүү, каруу (айбандарга же көп жылдык өсүмдүктөргө карата айтылат). Жылкы он асыйдан өткөндө картая баштайт. Алма жыгачы элүү, алтымыш жылда картайышы мүмкүн.