КАРЫЯ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жашап калган, жашы улгайган, кары киши. Кулагын түрө шырдак үстүндө комдонгон карыя (Бейшеналиев). Мамбет карыя уландар менен бирге иштей берүүнү каалады (Сасыкбаев). 2. Жашы улуу, кары адамдарга (эркектерге) улуулугун урматтап кайрылуу түрү. Камыкпа, Бектур карыя, Каскактуу найза аларбыз (Турусбеков). Карыя болуш Кулбарак, Касиеттүү курагы (Казыбек).